ГАВСИДИНОВ Гиясидин

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГАВСИДИНОВ Гиясидин (1927, Өзбекстан, Анжиян облусу, Аим району, Дардак айылы – 1979,

Ош облусу, Кара-Суу району, Кызыл-Шарк айылы) – пахтакер, Социалисттик Эмгектин Баатыры (1951). Эмгек жолун Ош облусунун Кара-Суу районундагы «Кызыл-Шарк» колхозунда колхозчу болуп иштөөдөн баштаган, 1945-жылдан бригадир болгон. 1950-жылы анын бригадасы 49 га пахта аянтынын ар гектарынан 47 цден түшүм жыйнап алган. Ленин, эки Эмгек Кызыл Туу ордендери м-н сыйланган.