ГАГАТ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ГАГА́Т (гр. gagates – кара янтарь) – таш көмүрдүн капкара, жалтырак түрү. Катуулугу 3–3,5; тыгыздыгы 1,3–1,4 г/см3. Көмүр катмарларында үймөктөшкөн түрдө кездешет. Жыгачтын таш көмүргө толук айланбай калышынан пайда болот. Жакшы сайкалданат. Зер буюмдарды жасоодо колдонулат.