ГАДЕЛЬШИН

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГАДЕЛЬШИН Хамит Габдулович (10.7.1923, Башкырт АССРи, Биш-Булак району, Аитов кыштагы – 10.1.2000, Бишкек) – Советтер Союзунун Баатыры (1944). Полковник. Советтик Армияга 1941-жылы августта Фрунзе шаарынан чакырылып, ошол жылы Ташкенттеги байланышчылардын аскердик окуу жайын бүткөн. Улуу Ата Мекендик согушта 3-Украин фронтунун 31-аткычтар дивизиясында байланыш ротасында улук радиотелеграфист. Украинаны баскынчылардан бошотууда душмандын тереӊ тылына 8 жолу барып, баалуу маалыматтарды рация

аркылуу билдирген. 1943-жылы 27-сентябрда Днепр дарыясынан өтүүдө (Сошиновка кыштагы) эрдик көрсөткөн. Согуштан кийин Ленинград аскердик байланыш окуу жайын ж-а Аскердик байланыш академиясын бүтүргөн. 1969-жылдан запаста. Фрунзе шаарындагы кесиптик-тех. окуу жайында эмгектенген.