ГАЗА
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ГА́ЗА – Жер Ортолук деӊиздин чыгыш жээгиндеги шаар. Калкы 409,0 (2006). Байыркы убакта эле негизделген. Орто кылымда Араб халифатынын, андан соӊ Египет династияларынын, 16-кылымдын башталышында Осмон империясынын бийлигинде, 1920–47-жылдары Англиянын мандаты м-н башкарылуучу Палестинанын курамына кирген. БУУнун Генералдык Ассамблеясынын 1947-жылы 29-ноябрдагы чечими боюнча шаар чет-жакасы м-н араб мамлекетинин аймагына кошулган. 1948–49-жылдары Араб-Израил согушунан кийин Газа шаары ж-а сектору (аянты 258 км2) Египеттин башкаруусуна өткөн. 1967-жылы июнда Израил аскерлери басып алган. 1994-жылдан Убактылуу Палестина автономиясынын курамында.