ГАЗАЛИ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГАЗА́ЛИ, а л ь - Г а з а л и, Абу Хамид Мухаммед ибн Мухаммед (1058, Иран, Хорасан, Туса шаары – 19.12.1111, ошол эле жер) – мусулман уламасы, философ, теги боюнча ирандык. «Диний ишеним жөнүндөгү илимдерди калыбына келтирүү» («Китаб ухйя улум ад-дин») деген бардык илимдерден кыскартып жараткан көлөмдүү эмгегинде (компендий) Кудай эӊ жогорку Акыйкат болгондуктан, илимий негизде таанып-билүү мүмкүн эмес деген идеяны өнүктүргөн, өзгөчө чыгыш аристотелизмин жокко чыгарган (бирок анын классикалык баяндоосун берген). Газалинин ою боюнча кудай таануу ар адамдын жекече эӊсөөсү, бүткүл дили-делебеси м-н берилүүсү, шыктанып табынуусу аркылуу гана жетиши мүмкүн. Бирок Газали реалдуу дүйнөнүн закон ченемдүүлүктөрүн рационалдык негизде изилденген, ачып чыккан илимий билимдердин тууралыгын четке каккан эмес. Өзүнө белгилүү философиялык системаларды катуу сындаган, «Философтордун өзүн-өзү төгүндөөсү» китеби айрыкча чыгыш аристотелизмине, башкача айтканда ошол учурдагы философиянын алдыӊкы идеяларына каршы жазылган. Бул китепке жооп катары ибн-Рушд «Төгүндөөнү төгүндөө» аттуу эмгек жазган. Газалинин философиялык идеялары Европанын мистик ойчулдарынын (Луллий, Экхарт ж. б.) окуусунун өнүгүшүнө таасир берген.