ГАЗИАНТЕП
ГАЗИАНТЕ́П – Түркиянын түштүк-чыгышындагы шаар. Газиантеп илинин (административдик-аймактык бирдик) административдик борбору. Калкы 2,1 млн (2019). Евфрат дарыясынын өрөөнүндө жайгашкан. Темир жол бекети. Эл аралык аэропорту бар. Шаар б. з. ч. 4-миӊ жылдыктан белгилүү. Ассириянын, Рим империясынын, Византиянын, Араб халифатынын, Селжуктар өлкөсүнүн, 1516-жылдан Осмон империясынын курамында болгон. 1919-жылы англичандар басып алган. 1920-жылы француздарга өтүп, 1922-жылы Түркияга кайтарылып берилген. Византия чеби (6-кылым), мечиттер (11-, 16-кылымдар), университет (1987), музейлер (археологиялык, этнографиялык, Зeугма мозаикалары) бар. Газиантеп – айыл чарбалуу аймактын (мисте, дан өсүмдүктөрү, тамеки, гозо, жүзүм өстүрүү) борбору. Мал чарбасы өнүккөн. Металлургия, текстиль, булгаары-бут кийим, тамак-аш, жыгаччылык, самын кайнатуучу, цемент, машина куруу өнөр жай ишканалары иштейт. Кустардык кол өнөрчүлүгү (жез, бермет, алтын м-н күмүштөн буюмдар, салттуу бут кийим, жүк жабуу) өнүккөн. Газиантептен 60 км түндүк-чыгышта тоонун бетине ассириялык падыша Салмансар IIIнүн таштын бетине түшүрүлгөн элеси, 50 км батышта Сакча-Гөзү археологиялык зонасы (неолит доорунун дубалдары м-н мунараларынын калдыктары) сакталган.