ГАЗЛИ КЕНИ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ГАЗЛИ КЕНИ Өзбекстандын Бухара облусундагы газ чыккан жер. Кызыл-Кум чөлүндө. Аму-Дарыя нефть-газ бассейнине кирет. 1962-жылдан казып алынат. Бор мезгилинин 680–1180 м тереӊдикте жаткан кумдук, алевролит тектеринде топтолгон. Газдын алгачкы запасы 0,5 трлн м3дей. Казып алуу борбору – Газли шаары. Уралга, Россиянын европалык бөлүгүнүн борборуна, Ташкент, Бишкек, Алматы ж. б. шаарларга газ куурлары жүргүзүлгөн.