ГАЗНЕВИДДЕР ДИНАСТИЯСЫ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГАЗНЕВИДДЕР ДИНАСТИЯСЫ – Газневиддер мамлекетин (10–12-кылымдар) башкарган династия. 962-жылы Саманиддердин аскер башчысы Алп-Тегин тарабынан негизделген. Себук-Тегиндин ж-а анын уулу Махмуд Газневинин (998–1030) тушунда күч-кубаты артып, азыркы Афганистандын, Ирандын, Орто Азиянын, Индиянын бир катар аймактарын караткан. Масуд Iнин (1030–41) тушунда мамлекет ыдырай баштаган. 12-кылымдын 70–80-жылдарында Гуриддердин соккусуна дуушарланган. 1186-жылы Газневиддер мамлекети кыйрап, династия толук жоюлган, к. Газневиддер мамлекети.