ГАЗНЕВИДДЕР МАМЛЕКЕТИ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГАЗНЕВИДДЕР МАМЛЕКЕТИ – 962-жылы Саманиддердин аскер башчысы Алп-Тегин негиздеген мамлекет. 10–12-кылымдарда өкүм сүргөн. Газневиддер мамлекетин түрк тилинде сүйлөгөн элдерден чыккан династия башкарган. Алп-Тегин өзүнө берилген мыкты гвардиясы – гулямдарга таянып, 962-жылы өзүн Газни шаарынын өз алдынча башкаруучусу деп жарыялаган. Шаардын аталышы боюнча жаӊыдан түзүлгөн мамлекет Газневиддер мамлекети деп аталган. Газневиддер мамлекети Себук-Тегиндин (977–997), айрыкча анын уулу Махмуд Газневинин (998–1030) тушунда абдан күч алган. Анын доорунда мамлекеттин курамына азыркы Афганистан, Иран м-н Орто Азиянын айрым аймактары, Индиянын түндүк ж-а түндүк-батыш бөлүгү кирген. Өлкөнү башкаруу үчүн чыӊдалган мамлекеттик аппарат түзүлүп, башкаруучулар өз мүдөөлөрүн жүзөгө ашыруу үчүн илим ж-а маданиятты өнүктүрүгө умтулушкан. Газневиддердин ак сарайында маанилүү илимий эмгектерди ж-а чыгармаларды жаратууга мыкты шарттар түзүлүп, Беруни, Бейхаки, Фирдоуси сыяктуу көрүнүктүү окумуштуулар, акындар жашаган. Газневиддер мамлекетинин аскерлери дайыма жортуулга чыгышып, басып алган аймактарды бүтүндөй бүлүндүрүп, калкты тоноп, кул кылышкан. Мындай жырткычтык Газневиддер мамлекетин начарлантып, жергиликтүү элдердин каршылык көрсөтүүсүн пайда кылган. Масуд Iнин тушунда (1030–41) мамлекет ыдырай баштаган; 1040-жылдан кийин газневиддердин карамагында азыркы Афганистан м-н Пенжаб аймагынын бир бөлүгү гана калган. 12-кылымдын 70-жылдарында Гуриддер газневиддерге катуу сокку урган, аларды Түндүк Индиядан сүрүп чыгарып, 1186-жылы Газневиддер мамлекетинин акыркы бийлөөчүсү Хосров-Маликтин тушунда [1160–86 (же 1187)] Түндүк Индиядагы Лахорду тартып алган. Ушундан соӊ Газневиддер мамлекети ж-а династиясы толук жоюлган.


Ад.: Босворт К. Э. Мусульманские династии/Пер. П. А. Грязневича. М., 1971; Абдул-Фазл Бейхаки. История Масуда/Пер. А. К. Арендса. Изд. 2. М., 1969.