ГАЗ АНАЛИЗИ
ГАЗ АНАЛИЗИ – газ аралашмаларынын курамын сапат ж-а сан жагынан аныктоо. Хроматография, спектрдик ж-а масса-спектрометрдик анализ методдору татаал аралашмаларды ж-а аларды түзгөн айрым компоненттерди түздөн-түз аныктоодо колдонулат. Бул методдор агрессивдүү, инерттүү органикалык эмес ж-а органикалык заттарды аныктоого мүмкүндүк берет. Бул анализдер экспрессиялуулугу, жогорку тактыгы м-н айырмаланат. Анализдин тууралыгы таза газдардан даярдалган стандарттык аралашмалардын жардамы м-н текшерилет. Анализделүүчү газ аралашмасын алдын ала бөлүп алууда ректификация, сорбция, масса алмашуу, центрифугалоо ж-а химиялык реакциялар колдонулат. Бөлүнүп алынган компоненттер титрометрия, фотометрия ж. б. методдор м-н аныкталат. Көпчүлүк учурда анализделүүчү газдар эритмеге сиӊирилип алынып, кулонометрия, потенциометрия ж-а кондуктометрия ж. б. методдор м-н аныкталат. Газ анализи газ анализдегичте жүргүзүлүп, атмосферанын курамын аныктоодо, техникалык процесстерди ж-а газ абалындагы заттардын сапатын текшерүүдө колдонулат.