ГАЗ ТОЛТУРУЛГАН ПЛАСТИКТЕР
ГАЗ ТОЛТУРУЛГАН ПЛАСТИКТЕР — көӊдөй пайда кылуучу заттардын жардамы же башка ыкмалар м-н көптүрүлгөн полимердик материалдар (толтургучу газ). Шарттуу түрдө пенопласт (туюк көӊдөй) ж-а поропласт (ачык көӊдөй) болуп бөлүнөт. Серпилгичтик мүнөздөмөсү боюнча катуу, анча катуу эмес ж-а ийилгич болот. Газ толтурулган пластиктер ар кандай полимерден түрдүү ыкма м-н алынат: 1) көбүктү механикалык түрдө чайкап туруп катыруу аркылуу; 2) алдын ала ысытканда полимерге киргизилген көӊдөйлөгүчтүн ажыроосунан; 3) полимерде жүрүүчү реакциядан бөлүнүп чыккан газ түрүндөгү продукциялардан. Газ толтурулган пластиктердин өзгөчө түрү – синтактикалык көбүктөр. Булардын тыгыздыгы төмөн ж-а жылуулук, үн, электр өткөрбөгүчтүгү м-н айырмаланат. Газ толтурулган пластиктер көп катмарлуу конструкцияларда толтургуч катары, муздаткыч курулманын жылуулук өткөрбөстүгүн ж-а электр кабелдеринин изоляциясын камсыз кылууда, калкыма каражаттарды жасоодо, газ м-н суюктук үчүн чыпка ж-а амортизациялык материал (мисалы, мебель жасоодо) катары колдонулат. Полиуретан, полистирол ж-а поливинилхлориддин негизинде жасалган Газ толтурулган пластиктер кеӊири пайдаланылат.