ГАЗ ТУРУКТУУЛУГУ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЃАЗ ТУРУКТУУЛУГУ (R) – 1 моль идеалдуу газдын абал теӊдемесине кирүүчү физикалык туруктуу сан. Ал pV=RT теӊдемеси м-н туюнтулат (к. Клапейрон теӊдемеси), мында p – басым, V – молдун көлөмү, T – абсолюттук температура. Физикалык мааниси боюнча универсалдуу газ туруктуулугу – 1 моль идеалдуу газды туруктуу басымда 1 Кге ысытууда кеӊейүү м-н аткарылган жумуштун сан чоӊдугуна барабар. Газ туруктуулугу– туруктуу басымдагы ж-а көлөмдөгү молдук жылуулук сыйымдуулугунун айырмасы Cp– Cv=R. Бирдиктердин эл аралык системасындагы (СИ) газ туруктуулугунун сан мааниси 8,31441(26) Дж/(моль .K).