ГАЗ ӨНДҮРҮҮ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГАЗ ӨНДҮРҮҮ – жасалма газды алуу ж-а табигый газды жер астынан чыгаруу процесси. Күйүүчү жасалма газ негизинен чексиз углеводороддон турат да, катуу ж-а суюк отундарды жылуулук аркылуу ажыратуунун натыйжасында алынат. Аларга катуу отунду кокска айландыруудагы к о к с г а з ы, отунду газдаштыруудан алынган г е н е р а т о р г а з ы, нефтини же нефть продуктуларын иштетүүдөн алынуучу н е ф т ь г а з ы, чоюнду эритүүдө пайда болуучу д о м н а г а з ы кирет. Жер астында катуу отунду газдаштыруу аркылуу да жасалма газды алууга болот. Табигый газ күйүүчү жылуулугу 7800 ккал/м3 болгон өтө үнөмдүү отун катары жылуулук электр станцияларында, кара ж-а түстүү металлургияда, химия, цемент, айнек ж-а курулуш өнөр жайларында ж-а турмуш тиричиликте кеӊири пайдаланылат. Газды өндүрүп алуу ар түрдүү механизмдер ж-а аппараттар м-н жабдылган газ промыселине жүктөлөт. Өнөр жайлык деӊгээлде өндүрүлүүчү газ таза газ, газ-нефть ж-а газ-конденсат аралашмасы түрүндө алынат. Газды өнөр жайлык өндүрүү үч этапта жүргүзүлөт. Биринчи этапта тажрыйбалык-өнөр жайлык пайдалануу иши жүргүзүлүп, анда газ табылган жердин мүнөздөмөлөрү (катмардын касиети, газдын запасы, көзөнөк өндүрүмдүүлүгү) такталат. Экинчи этап үч мезгилден турат: 1) бургулоо көзөнөкчөлөрү тешилип, алар атайы жабдуулар м-н жабдылып, газды алууну ылдамдатуу иштери жүргүзүлүп, жалпы запастын 10–20% сордуруп алынат; 2) бара-бара газдын запасынын 55–60% алынат; 3) газды алуу азая баштап, бардык запастын 90%ке чейинкиси сордурулат.