ГАИТИ аралы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
(ГАИТИ 1 барагынан багытталды)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГАИ́ТИ (байыркы аты – К и с к е я) – Чоӊ Антил аралдар тобундагы арал; Вест-Индияда. Түндүгүнөн Атлантика океаны, түштүгүнөн Кариб деӊизи м-н чулганат. Куба аралынан Айдарым, Пуэрто-Рико аралынан Мона кысыктары аркылуу бөлүнөт. Аянты 76,4 миӊ км2. Жанар тоо ж-а чөкмө тоо тектеринен турат. Рельефи тоолуу (кенен өрөөндөр м-н бөлүнгөн 4 кырка тоо бар). Бийиктиги 3175 мге чейин (Дуарте чокусу, Вест-Индиянын эӊ бийик жери). Жер көп титирейт. Деӊизге караган түндүк-чыгыш ж-а түштүк капталдарында дайыма жашыл ж-а аралаш тропик токою, батышы м-н ички аймактарында жалбырагы күбүлмө токой ж-а бадал; эӊ бийик кыр тилкелеринде ийне жалбырактуу ж. б. токой өсөт. Аралда Гаити ж-а Доминикан Республикасы жайгашкан. 1492-жылы Х. Колумб ачып, Эспаньола деп атаган.