ГАЙДН

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГАЙДН Франц Йозеф (болжол м-н 31. 3. 1732, Төмөнкү Австрия, Рорау кыштагы – 31. 5. 1809, Вена) – композитор, дирижёр, музыка таануучу, пианист, Вена классикалык мектебинин өкүлү, аспаптык музыкадагы классикалык стилге негиз салуучу, Оксфорд университетинин ардактуу доктору (1791). Алгачкы симфонияларын XVIII кылымдын 50–60-жылдарында жазган. Гайдндын чыгармачылыгынын гүлдөгөн учуру 80–90-жылдарга туш келген. Ушул жылдары белгилүү Париж, Лондон симфонияларын, бир нече оратория,

И. Гайдн. Рёсслер тарткан портрет. 1799.

месса жана башкаларды жараткан. Гайдндын музыкасы тереӊ демократиялык мүнөзгө ээ жана элдик чыгармалар менен тыгыз байланыштуу. Ал көп улуттуу Австриянын музыкалык фольклорун билгичтик менен пайдаланган. 1798-жылы «Дүйнөнүн жаралышы», 1801-жылы «Жыл мезгилдери» операларын жазган. Гайдн 24 операнын, 3 ораториянын, 14 мессанын жана башка диний чыгармалардын, 104 симфония, 41 фортепьянолук трио, квартет, увертюралардын, түрдүү музыкалык аспаптар үчүн концерттердин автору.


Ад.: Кремлёв Ю. Йозеф Гайдн. М., 1972.