ГАЛАКТИКА
ГАЛА́КТИКА (гр. galaktikjs – сүт сымал), С а м а н ч ы ж о л у с и с т е м а с ы – Күндү камтыган жылдыздардын чоӊ системасы. Ага планеталар системасы да (Жер дагы) кирет. Галактика 100 млрддай жылдыздардан, ошондой эле жылдыз аралык мейкиндиктеги газдуу жана чаӊдуу тумандуулук, ар кандай жылдыз топтору, чаӊдар жана айрым атомдордон турат. Көпчүлүк жылдыздар формасы линза (туурасынан диаметри 30 миӊ, калыӊдыгы 4 миӊ пске жакын) түрүндө болуп, анын симметрия тегиздигине (Галактика тегиздиги) жана борборуна (Галактиканын жалпак система бөлүгүн) карай топтолгон. Жылдыздардын



азыраак бөлүгү Жерден Жаачы (Стрелец) топ жылдызына (Галактиканын сфералык системасы) багытталган Галактиканын борборуна (ядросуна) топтолуп, радиусу 15 миӊ пске жакын сферага чогулган. Күн системасы да Галактиканын борборунан 10 миӊ пстей аралыкта, ал эми кээ бир облустары бизден 25 миӊ пс аралыкта жайгашкан. Жерден телескопсуз караган байкоочуга ал Саманчы жолу түрүндө көрүнөт. Курамына Күн системасы кирген Галактиканы башка галактикалардан айырмалоо үчүн «биздин Галактика» деп да аташат. Бардык жылдыздар жана жылдыз аралык заттар менен бирге эсептегенде, Галактиканын толук массасы Күн массасынан 1011 эсе чоӊ же болжол менен 1044 гга барабар. Галактикада жылдыз, чаӊ жена газдар бири биринен алыс жайгашкандыктан, ар түрдүү багытта секундуна ондогон, жүздөгөн км ылдамдыкта кыймылда болсо да, алар урунушпайт. Галактиканын компоненттери: жылдыздар тобу, жылдыз ассоциациясы, газ менен чаӊдар, күӊүрт жана ачык тумандуулуктар. Булар өтө алыс аралыктан айрым жылдыздарга караганда даана байкалат. Галактиканы изилдөөдө радиофизиканын ыкмалары колдонулат. Саманчы жолуна биринчи жолу 1610-жылы Г. Галилей байкоо жүргүзгөн. Бирок Галактиканын түзүлүшүн изилдөөнү XVIII кылымдын аягында англиялык астроном У. Гершель баштаган. В. Я. Струве көлөм бирдигиндеги жылдыздар саны Галактика тегиздигине жакындаган сайын көбөйгөндүгүн, ал эми Күн Галактика борборунда орун албагандыгын аныктаган. Галактиканын өлчөмү жөнүндө XX кылымдын башында немис астроному Х. Зелигер менен голландиялык астроном Я. Каптейн далилдүү сунуш киргизген. XX кылымдын 20-жылдарында америкалык астроном Х. Шепли Галактиканын ортосунун багыты Жаачы жылдызында экендигин аныктап, Күн Галактика борборунда жайгашпаганын далилдеген. Швед астроному Б. Линдблад жылдыздардын түрдүү ылдамдыгына таянып, Галактиканын динамикасы менен түзүлүшүн изилдеген, Галактика татаал түзүлүштө экендигин ачкан. 1927-жылы голландиялык астроном Я. Оорт жылдыздардын жарык ылдамдыгы менен өз алдынча кыймылын изилдөөдө Галактиканын өз алдынча кичи огунун айланышын далилдеген. Галактиканын борборуна жакын бөлүкчөлөрү сыртында жаткан бөлүгүнө караганда тезирээк айланат. Галактиканын тыгыздыгы анын борборуна жакындаган сайын чоӊоёт. Галактикада жылдыздар пайда болуп турарын изилдөөлөр көргөздү. Көп жылдыздар Жерден кийин пайда болгон. Галактика ядросу жылдыз аралык заттын тыгыз массасынын ичинде орун алгандыктан, аны оптикалык аспаптар менен байкоо кыйын, ал радиоастрномиялык байкоо жүргүзүү аркылуу далилденет. Галактиканын өнүгүүсүн изилдөө адам баласынын дүйнөгө көз карашын кеӊейтти.
Ад.: Азимов А. Вселенная. М., 1969; Марочник Л. С., Сучков А. А. Галактика. М., 1984.