ГАЛИЕВА

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГАЛИЕВА Зайраш Идрисовна (11. 12. 1959-жылы туулган, азыркы Бишкек шаары) – тарыхчы жана саясат таануучу, тарых илимдеринин доктору (2010). 1983-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин тарых факультетин бүткөн. 1983–1986-жылдары СССРдин 50 жылдыгы атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин тарых факультетинде окутуучу, 1993–1995-жылы Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин тарых факультетинде улук окутуучу, 1995–1997-жылы доцент, 1997–1998-жылдары Жорж Вашингтон атындагы университетте стажер (Америка Кошмо Штаттары), 1998–2002-жылдары Кыргыз улуттук университетинин тарых жана чөлкөм таануу факультетинде доцент, 2002–2003-жылдары И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университетинде Ата Мекен тарыхы кафедрасынын башчысы, 2003–2005-жылдары Кыргыз улуттук университетинин тарых жана чөлкөм таануу факультетинде доцент, 2005–2006-жылдары Миссури штатынын мамлекеттик университетинде изилдөөчү-стажер (Америка Кошмо Штаттары), 2006–2008-жылдары Кыргыз улуттук университетинин тарых жана чөлкөм таануу факультетинде доцент, 2008-жылы декан, 2009–2010-жылдары доцент, 2010-жылдан кафедранын профессору. Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин «ВЕСТНИК КНУ» илимий жана билим берүү журналында бөлүм башчы. 90дой илимий эмгектин (анын ичинде 3 монография, 3 окуу-методикалык колдонмо, 1 окуу китеби) автору.


Эмг.: История государства и права Кыргызской Республики: учебник.- Бишкек, 2011. (в соавт.); Современная Центральная Азия: динамика социально-политических процессов. –Бишкек, 2014. Суверенный Кыргызстан: реалии политического развития. – Бишкек, 2017.