ГАЛИЛЕЙ Галилео
ГАЛИЛЕ́Й Галилео (15.2.1564, Италия, Пиза шаары – 8. 1. 1642, Флоренцияга жакын, Арчетри) – италиялык физик, механик ж-а астроном, табият илимдерине негиз салуучу. Ал Аристотель, Евклид ж-а Архимеддин

эмгектеринен таалим алган; металл куймаларынын курамын тез аныктоо ж-а фигуранын оордук борбору жөнүндөгү геометриялык изилдөөлөр үчүн гидростатикалык тараза жасаган. 1589-жылдан Пизада, 1592-жылдан Падуяда математика кафедрасын жетектеп, илимий иш жүргүзгөн. 1592–1610-жылдары илимий чыгармачылыгы күчтүү өнүккөн. Галилей нерсенин эркин, жантык тегиздик боюнча түшүшү, горизонтко бурч боюнча ыргытылган нерсенин кыймылы, маятниктин изохрондуу термелиши жөнүндө эмгектерди жараткан. Ал Н. Коперниктин ишин уланткан. 1609-жылы биринчи жолу өзү жасаган телескоп аркылуу Айда тоолор ж-а кратерлер бар экенин, Чолпон фазаларын, Юпитердин 4 спутнигин байкаган; Күн бетиндеги кара тактарды, алардын которулуп жылышы боюнча Күн да өз огунун айланасында айлана тургандыгын ачкан. Телескоп аркылуу Саманчы жолу жылдыздар тобунан турарын байкаган. Галилей механика, оптика ж-а астрономиянын өнүгүшүнө зор салым кошкон. Анын кыймылдын салыштырмалуулугу жөнүндөгү пикирлери механиканын бир катар негизги проблемаларын чечүүгө түрткү берген. Ал Коперниктин гелиоборбордук системасын жайылткандыктан, чиркөө кызматкерлери астрономияга тиешелүү эмгек жазууга тыюу салган. Өмүрүнүн акыркы жылдарын куугунтукта өткөрүп, сокур болуп калган.
Ад.: Выгодский М. Я. Галилей и инквизиция. М.; Л., 1934; Кузнецов Б. Г. Галилей. М., 1964.