ГАЛЛДАР

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГАЛЛДАР (лат. galla – бүртүк), ц е ц и д и я л а р – өсүмдүктүн түрдүү органындагы (тамыр, жалбырак ж. б.) өзгөчө козгогучтар пайда кылуучу патологиялык дөмпөк өсүндү. Кене, курт-кумурска, нематода ж. б. бөлүп чыгарган токсиндин таасиринен пайда болсо, м и з о о ц е ц и д и я л а р, козу карындар пайда кылса, к о ц е ц и д и я л а р деп аталат. Көбүнчө эмен, атыр гүл ж-а татаал гүлдүү өсүмдүктөрдө кездешет. Галлдар химиялык курамында суу, азык зат, өӊдөгүч заттардын көптүгү м-н таза ткандан айырмаланат. Галлдар өсүмдүктүн азыктануусун бузат, өсүшүн начарлатат, кээде өсүмдүк солуп калат. Буудай нематодасы жалбырагын буралтып, сырткы көрүнүшү боюнча кадимки данга окшош галлдарды, ал эми кызылча нематодасы кызылча тамырында галлдарды пайда кылат. Чанактуу өсүмдүктөрдүн тамырындагы Галлдар топуракты азот м-н байытат, ошондой эле кээ бир Галлдардын козгогучтары отоо чөптөргө каршы биологиялык каражат катары керектелгендиктен, айыл чарбасында пайдасы да бар. Көпчүлүк галлдардын козгогучтары айыл чарбасына ж-а токойчулукка чоӊ зыян келтирет, мисалы, картошка рагы, жүзүм филлоксерасы ж. б. Алардын таралышына жол берүүгө болбойт. Каршы күрөшүү чаралары: илдетке туруктуу сорт эгүү; которуштуруп эгүүнү туура жүргүзүү; Галлдарды жок кылуу (мисалы, жалбырактан, бутактан кесип салуу) ж. б.