ГАЛЛИЙ
ГА́ЛЛИЙ (лат. Gallium), Ga – элементтердин мезгилдик системасынын III тобундагы химиялык элемент. Катар номери 31, атомдук массасы 69,72; табиятта 2 изотобу бар: 69Ga ж-а 71Ga. Бул элементтин негизги касиеттерин 1870-жылы орус химиги Д. И. Менделеев алдын ала айтып, аны «экаалюминий» деп атаган. 1875-жылы Лэкок-де-Буабодран спектр анализи аркылуу бөлүп алган. Жер кыртышында массасы боюнча 1,5 .10–3 %ти түзөт. Негизги минералы болуп галлит (CuGaS2) эсептелет. Галлий күмүш түстүү ак металл, эрүү температурасы 29,75°С, кайноо температурасы 2403°С, тыгыздыгы 5,097 г/см3. Окистенүү даражасы +1, +2, +3. Химиялык касиети боюнча алюминийге өтө окшош. Галогендер, щелочтордун концентрациялык эритмеси м-н реакцияга кирип, тиешелүү бирикмелерди берет, 285°Сде абада окистенет (жогорку оксиди GaO3), HNO3, H2SO4 кислоталары, «падыша арагы», суу буусу м-н аракеттенет. Галлий туздарынын суудагы эритмелеринде амфотердик мүнөзгө ээ болгон гидроксиди Ga(OH)3 пайда болот. Бирикмелери уулуу эмес. Анын алтын ж-а күмүш м-н болгон куймасы белгилүү. Галлий бокситтерден бөлүнүп алынат. Оптикалык күзгүлөрдү, жогорку температуралык термометрлерде жарым өткөргүчтөрдү даярдоодо колдонулат.