ГАЛЛОВЕЙ УЮ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГАЛЛОВЕЙ УЮ́Й УЮ – эт багытындагы бодо мал. Шотландиянын Галлоуэй районунда чыгарылган. Британ аралындагы эӊ байыркы порода болуп эсептелет. Галловей ую токол, көбүнчө кара, кара күрөӊ, кызыл, ала бөйрөк. Башка породалар м-н аргындаштырганда бул белгилери тукумдарына берилет. Денеси чымыр, мойну жоон, төшү жайык, соорусу бийик, буттары кыска ж-а ичке, өзү эткел. Букасынын салмагы 750–850 кг, инегиники 400–850 кг. Эти сапаттуу, сойгондо 65–70% эт чыгат. Музоосу 6–7 айга чейин сүт эмет. Ар уйдан жылына 1500–1700 кг сүт саалат. Галловей ую 19-кылымдын аягында Канада м-н АКШга алып барылган. Башка породалар м-н аргындаштыруу максатында СССРге да алып келинген. Кыргызстанда Тоӊ районунда багылат.