ГАЛЛЮЦИНАЦИЯ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГАЛЛЮЦИНА́ЦИЯ (лат. hallucinatio – жөөлүү, көзгө көрүнүү) – кабыл алуунун бузулушу; психикалык, айрым инфекциялык ооруларда, ууланууда, мээнин жаракатында, өтө катуу кайгырууда ж. б. учурларда пайда болгон жок нерсени кабыл алуу. Анын көрүү, угуу, жыт сезүү ж. б. түрү бар. Көрүү галлюцинациясында оорулуу жалын, түтүн, жарык, түрдүү буюмдар, адамды, өлүктү, жаныбар, курт-кумурска ж. б-ды көрөт; угуу галлюцинациясында аны чакыргансыган үндөр ж-а түрдүү ызы-чуулар угулат; жыт сезүү галлюцинациясында керосин, атыр ж. б. жыттар жыттанат. Даам галлюцинациясында тамактанууда ошол тамакка мүнөздүү эмес же жагымсыз даам сезилет. Галлюцинация үзгүлтүктүү, анда санда эле болбостон, кээде даана, туруктуу да болот. Көп учурда психикалык башка бузулуулар м-н коштолот. Галлюцинациянын таасиринен оорулуу айланасындагыларга ж-а өз ден соолугуна зыян келтириши мүмкүн. Галлюцинация көпчүлүк психикалык оорулардын негизги ж-а мүнөздүү белгиси болуп эсептелет. Дарылоо аны пайда кылган негизги ооруну айыктырууга багытталат.