ГАМБИЯ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГА́МБИЯ, Г а м б и я Р е с п у б л и к а с ы – Батыш Африкадагы мамлекет. Чыгышынан, түндүгүнөн ж-а түштүгүнөн Сенегал Республикасы м-н чектешет. Батышынан Атлантика океаны чулгайт. Аянты 10,7 миӊ км2. Калкы 2,4 млн (2020). Мамлекеттик тили – англис тили. Борбору – Банжул шаары.

Административдик-аймактык жактан 8 округга бөлүнөт. Акча бирдиги – деласи. Гамбия – БУУнун (1965), Африка союзунун (1965), Бүткүл дүйнөлүк соода уюмунун (1953) ж. б-дын мүчөсү.


Таблица бар.


Администрациялык-аймактык бөлүнүшү (2006)


Гамбия – унитардык мамлекет, Шериктештиктин курамында. Конституциясы 1996-жылы 8-августтагы референдумда кабыл алынган. Башкаруу формасы – президенттик республика, Мамлекет ж-а өкмөт башчысы – президент. Мыйзам чыгаруу бийлигинин жогорку органы – бир палаталуу Улуттук ассамблея. Саясий партиялары: Эркиндик ж-а социализм үчүн улуттук демократиялык уюм, Патриоттуулукка багыт алуу ж-а түзүү альянсы, Көз каранды эместик ж-а социализм үчүн элдик демократиялык уюму.
Гамбиянын аймагы ойдуӊдуу түздүк (бийиктиги 100 мге чейин). Түздүк Гамбия дарыясынын өйүз-бүйүз жээгин бойлой 350 кмге созулуп жатат. Өлкө кен байлыкка жарды. Климаты субэкватордук, жайы (июнь – октябрь) жаанчыл, кышы (ноябрь – май) кургак. Айлык орточо температура 25°–27°С. Жылдык жаан-чачыны 800 мм. Негизги дарыясы – Гамбия, чыгыштан батышка карай бүт өлкөнү ара-

Гамбиянын Атлантика океаны жак жээги.

лап агат. Суусу мол ж-а жайык. Жери токойлуу келип, акациялуу ж-а баобабдуу саванналар басымдуу. Гамбия дарыясынын өрөөндөрүндө дайыма жашыл тропик токойлору бар. Жалпы аянты 40 миӊ га болгон коргоого алынган 90 табигый аймагы бар, анын ичинде Кианг-Вест, Ривер-Гамбия улуттук парктары уюштурулган.
Калкы көп улуттуу; көбү (80%) мусулман, калгандары эски динге ишенет. Калкынын жашынын орточо узактыгы: эркектериники – 52,3; аялдарыныкы – 56 жаш. Орточо жыштыгы 1 км2 жерге 137 киши. Калктын 75% айыл чарбасы м-н алектенет. Шаар калкы 30%. Ири шаарлары – Брикама, Банжул, Серекунда, Бакау.
Гамбиянын байыркы ж-а орто кылымдагы тарыхы толук изилдене элек. 13–15-кылымдарда Гамбиянын аймагы Мали империясынын, кийинчерээк Сонгаи мамлекетинин курамына кирген. 14–15-кылымдардан Гамбияга европалыктар келе баштайт. 1807–74-жылдары бир катар уруу жол башчыларына протекторат жөнүндөгү келишимдерди таӊуулап, өз колониясына айландыруу м-н Улуу Британия Гамбияга жаӊы аймактарды кошот. 1902-жылы Гамбия дарыясынын өрөөнү бүт (Сента-Мэри аралынан башкасы) Британия протектораты болуп жарыяланат. Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин Африка өлкөлөрүндө боштондук кыймылы күчөп, саясий партиялар түзүлөт. 1960-жылы бир палаталуу парламент, 1961-жылы алгачкы жолу курамына гамбиялыктар кирген Аткаруу кеӊеши түзүлөт. 1963-жылы Гамбияга чектелген өзүн-өзү башкаруу укугу берилген. 1965-жылы 18-августта Гамбиянын көз каранды эместиги жарыяланат. 1965-жылы Гамбия БУУга кабыл алынган. 1970-жылы 24-апрелде Гамбия республика деп жарыяланып, Д. К. Жавара президент болуп шайланат. 1981–89-жылдары Гамбия Сенегал м-н бирдикте Сенегамбия федерациясын түзүшкөн. Гамбиянын өкмөтү тышкы саясатта аскердик-саясий блокторго кошулбоо саясатын жактайт. Гамбия – Африкадагы экономикалык жактан артта калган өлкөлөрдүн бири. 1994-жылы мамлекеттик төӊкөрүштүн натыйжасында Я. Жамме бийликке келген. 1996, 2001-жылдары президенттик шайлоолордо Жамме жеӊишке жетишкен. Өлкөдө жакырчылыкты жоюу, менчиктештирүү боюнча ЭВФ тарабынан сунушталган программа экономикалык өнүгүүгө өбөлгө түзүүдө. 2–3-жылдан коррупцияга каршы күрөшүү компаниясы жүргүзүлүүдө.
Гамбия – агрардык өлкө. Экономикасы сырткы соодага көз каранды. ИДПде айыл чарбасынын үлүшү 35,5%, өнөр жайыныкы 12,2%, тейлөө чөйрөсүнүкү 52,3%. Экспорттолчу негизги өсүмдүгү – жер жаӊгак. Жыгаччылык, балык уулоо, тамак-аш өнөр жайы бар. Шалы, таруу, ак жүгөрү, маниок, жүгөрү, буурчак, банан ж-а цитрус өсүмдүктөрү өстүрүлөт. Май пальмасынын жемишин чогул-

Бакаудагы мейманкана.

тушат. Деӊизден балык кармалат. 2003-жылы 130,2 млн кВт.с электр энергиясы өндүрүлгөн. Автомобиль жолунун узундугу 3,7 миӊ км (2005). Негизги деӊиз порту – Банжул шаары. Негизги суу артериясы – Гамбия дарыясы. (390 км чейин кеме жүрөт). Башкы дарыя порттору – Фатото, Жоржтаун, Кунтаур, Кау-Ур, Банжул, Барра. Негизги соода шериктери: Франция, Улуу Британия, Индия, Германия ж-а Италия.
Билим берүү системасында балдар үчүн 8 жаштан 6 жылдык башталгыч, 4 жыл-

Гамбия акчасы.

дык толук эмес орто мектеп ж-а 6 жылдык толук орто мектеп бар. Улуттук университет, кесиптик ж-а атайын билим берүүчү ж. б. окуу жайлары, Улуттук китепкана, Улуттук музей бар. Күн сайын чыгуучу мамлекеттик гезити, мамлекеттик радио ж-а телекөрсөтүүсү иштейт. Адабияты 20-кылымдын ортосунан баштап англис тилинде өнүгүүдө. Салттуу искусствосу пил сөөгүн ж-а жыгачты көркөм оймо-чиймелөө. Банжул шаарын курууда европалык шаар куруу ж-а архитектура пайдаланылган. Гамбиянын музыкалык маданиятында Батыш Африка элдеринин ар түрдүү салттары ширелишкен.


Ад.: Смирнов Е. Г. Республика Гамбия: Справочник. М., 1996.