ГАМБИЯ дарыясы
(ГАМБИЯ 1 барагынан багытталды)
ГА́МБИЯ – Батыш Африкадагы дарыя. Гвинея, Сенегал ж-а Гамбия өлкөлөрү аркылуу агат. Узундугу 1200 км, алабынын аянты 180 миӊ км2. Фута-Жаллон платосунан башталып, Атлантика океанына куярда эстуарийди пайда кылат. Суусунун орточо чыгымы 2000 м3/секдай. Деӊиз кемелери чатынан 350 км аралыкка чейин жетет. Чатында Банжул порту (Гамбия) жайгашкан.