ГАНДИСЫШАНЬ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГАНДИСЫША́НЬ , Т р а н с г и м а л а й – Тибет тайпак тоосунун түштүгүндөгү тоо системасы. Кытайда Гималай тоолоруна жарыш 1600 кмге созулуп жатат. Гранит, кварцит, сланец, акиташ тоо тектеринен түзүлгөн. Негизги кырка тоолору – Кайлас, Алинг-Гангри, Ньэнчен-Танглха. Алар Гималай тоолорунун түштүгүндөгү Цангпо (Брахмапутра), Инд дарыясынын жогорку өрөөндөрү м-н бөлүнүп турат. Басымдуу бийиктиги 5000–5500 м, эӊ бийик жери 6696 м, Кайлас тоосунда. Түндүк капталы анча тилмеленген эмес, түштүгү тик. Тектоникалык жактан Альп – Гималай кыймылдуу зонасында жайгашкан. Тоо аралык өрөөндөрдө көл (Намцо ж. б.) көп. Бийик тоолуу талаа, суук чөл; нымдуу түштүк капталдарында шалбаа ж-а бадал өсөт. Анча чоӊ эмес мөӊгүлөр бар. Негизинен жайыт катары пайдаланылат.