ГАНТЕЛЬ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ГАНТЕ́ЛЬ (нем. Наntel) – металлдан жасалып, кыска тутка м-н бириктирилген эки шардан турган гимнастикалык кол жабдык. Гантель негизинен ийин ж-а кол булчуӊдарын чыӊдоочу көнүгүүлөрдү жасоодо колдонулат. Гантель куюп (салмагы туруктуу) ж-а учтарына түрдүү салмактагы дисктер бекитилүүчү ажыратылма, ошондой эле пружиналуу ж-а универсалдуу болот. Куюлма Гантель жеӊил (1–5 кг), орточо (6–10 кг) ж-а оор (50 кгга чейин ж-а андан да оор) салмакта жасалат.