ГАОСЮН

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГАОСЮ́Н – Тайвань аралындагы шаар. Калкы 2,7 млн (2019). Жолдор тоому, темир жол бекети. Тайбэй – Гаосюн жогорку ылдамдыктагы темир жолу курулууда (2006). Ири порт (2005-жылы 36 млн т жүк ташылган; негизинен нефть). Эл аралык аэропорту бар. Тайвандагы эӊ байыркы шаар. Мин династиясынын акыркы мезгилинде (17-кылымдын 1-жарымында) негизделген. Фэншань шаар дубалынын калдыгы (18-кылым), храмдар сакталган. Университеттер (анын ичинде Сунь Ятсен атындагы ж. б.), калк китепканасы (1945), тарых музейи бар. Машина куруу, нефть ажыратуу, текстиль, химия, цемент, тамак-аш, радиоэлектроника (негизинен компьютер) өнөр жай ишканалары иштейт. Балык кармалып, беленделет. Шаарга жакын Ганшань, көпөлөктөр өрөөнү, минералдуу суулары бар курорт жайгашкан.