ГАРАЖ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГАРА́Ж (фр. garage, garer – үстү жабык нерсенин астына жайгаштыруу) – автомобилди сактоо, техникалык жактан тейлөө ж-а оӊдоо иштери жүргүзүлүүчү имарат (имарат комплекси же курулуш). Гаражга автомобилдерди коюу төмөнкүдөй жүргүзүлөт: туюк ж-а түз сызыктуу; бир ж-а көп катарлуу. Атайын Гараждарда тракторлор, автомобилдер ж. б. сакталат. Кийинки учурда автомобилди автоматтык түрдө (адамдын жардамысыз) коюучу Гараж-автоматтар кеӊири таралууда.