ГАРДАЯ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГАРДА́Я – Алжирдеги шаар. Гардая вилайисинин административдик борбору. Калкы 120 миӊ (2010). Алжир Сахарасынын түндүгүндө, Мзаб оазисинде жайгашкан. Жолдор тоому. Эл аралык аэропорту бар. 1053-жылы негизделген. Бийик мунаралуу мечит (11-кылым), медресе бар. Мзаб оазисинин курамындагы музей Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине

Эски шаардын көрүнүшү. Арткы планда мечит.

кирген. Кустардык кол өнөрчүлүгү (килем, кыл торко, карапа, булгаарыга сайма саюу, зер буюмдарды жасоо) өнүккөн. Гардаядан түндүк-батышта жаратылыш газынын ири кени казылып алынат.