ГАРДИЗИ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГАРДИЗИ А б у С а и д А б д а л – Х а й й а (1008/1009-жылдар чен – өлгөн жылы белгисиз) – иран тарыхчысы, окумуштуу. Газневилик султан Абдырашиттин (1049–59) тушунда Гардизи өзүнүн «Зайн-ал-ахбар» («Кабарларды көркөм сүрөттөө») деген тарыхый эмгегин жазган. Бул эмгегинде Иран халифатынын ж-а Хорасандын тарыхы баяндалган. Анда түрк тилинде сүйлөгөн элдер жөнүндө, анын ичинде кыргыздар тууралуу баалуу маалыматтар, даректүү баяндар жолугат. Айрыкча кыргыздар жөнүндөгү маалыматтарда ибн Мустафа, ибн Хордадбек, Жайхани ж. б. орто кылымдагы окумуштуулардын эмгектерин колдонгон. Гардизинин кыргыздар тууралуу маалыматтары «Худуд ал Аалам», «Мажму ат-Таварих» ж. б. булактар м-н дал келет. Гардизи берген далилдер кыргыздардын этностук, саясий, маданий тарыхын үйрөнүүдө өтө маанилүү.


З. Эралиев.