ГАРМОНИЯЛЫК ТЕРМЕЛҮҮ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
(ГАРМОНИЯЛЫК ТЕРМЕЛҮҮ – барагынан багытталды)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГАРМОНИЯЛЫК ТЕРМЕЛҮҮ – кандайдыр физикалык чоӊдуктун убакыт ичинде синус же косинус закондору менен өзгөрүшү. Ал эӊ жөнөкөй термелүүлөр болуп эсептелет. Механикалык термелүүдө гармониялык термелүү жылыш аралыгы же х=А cos (wt+φ) теӊдемеси менен туюнтулат. Мында – убакыттын берилген моментинде термелүүчү чоӊдуктун мааниси, – термелүү амплитудасы, () – термелүү фазасы, айлануу же циклдик жыштык, – баштапкы фаза. Графикте гармониялык термелүү синусоида же косинусоида менен мүнөздөлөт. Ал серпилгичтүү же ага окшош өзгөрүүчү күчтөрдүн аракети менен дайыма теӊ салмактуу абалдын айланасында болот. Гармониялык термелүү – түрдүү формадагы термелүүлөрдүн эӊ маанилүүсү.