ГАРМО МӨӉГҮСҮ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГА́РМО МӨӉГҮСҮ – Батыш Памирде, Илимдер Академиясы кырка тоосунун батыш капталындагы дендрит тибиндеги мөӊгү. Узундугу 30,4 км, аянты 115 км2; этеги 2980 мге чейин түшөт. Мөӊгүнүн тилинин басымдуу бөлүгү морена м-н капталган.