ГАРНИЕРИТ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ГАРНИЕРИ́Т (француз геологу Ж. Гарньенин ысмынан), н у м е и т – минерал. Химиялык формуласы Ni4[Si4O10] (OH)4 .4H2O. Кристаллданбайт. Өӊү жашыл. Катуулугу Моос шкаласы боюнча 2–2,5. Салыштырма салмагы 2,5–2,8. Никелге бай ультранегиздүү тоо тектердин бузулуп талкаланышынан пайда болот. Гарниерит – никель кенташынын минералы.
