ГАРНИЗОН

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГАРНИЗО́Н (фр. garnison, garnir – жабдуу, куралдандыруу деген сөздөн) – 1) калк жашаган пунктта же чек арасы белгиленген райондо туруктуу же убактылуу жайгашкан аскер бөлүктөрү, аскер окуу жайлары жана мекемелер. Алар аскер кызматынын маселелери боюнча бирдиктүү командачылыкка баш иет. 2) бекемделген райондо же башка өзүнчө коргонуу курулмасында жайгашкан аскерлер (бөлүктөр, бөлүкчөлөр). Кыргызстанда Гарнизон башчысы коргоо министринин буйругу менен дайындалат.