ГАРСИЯ ЛОРКА

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГАРСИ́Я ЛОРКА́ Федерико (5. 6. 1898, Фуэнте-Вакерос – 19. 8. 1936, Виснар) – испан акыны, драматург, музыкант, сүрөтчү-график. 1915–1923-жылдары Гранада университетинде окуган. 1929–1930-жылдары Америка Кошмо Штаттарында, Кубада болгон. Анын таасирлери менен «Акын Нью-Йоркто» (1940) аттуу ыр жыйнагын жазган. Драмалык чыгармаларында («Мариана Пинеда», 1925) сүйүүнү даӊктап, өлүмдү жектеп, зулумдукту ашкерелеген. «Кан төгүлгөн той» (1933), «Иерма» (1934), «Бернарда Альбанын үйү» (1936) аттуу драмалык чыгармалардын автору. Гарсия Лорканын каармандары эскиликке каршы аёосуз күрөшкөн. Испания республика болуп жарыяланганда (1931) өз өлкөсүнүн алдыӊкы акын-жазуучуларынын катарына кошулган. 1936-жылы фашисттер тарабынан атылган. «Бернарда Альбанын үйү» драмасы Т.. Абдымомунов атындагы Кыргыз улуттук драма театрында, «Өтүкчүнүн өктөм аялы» драмасы Ош мамлекеттик драма театрында коюлган. Ырлары кыргыз тилине которулуп, жарык көргөн.


Чыг.: Бернарда Альбанын үйү. «Ала-Тоо», 1984, ¹12; Гитара: ырлар. Ф., 1982.
Ад.: Осповат Л. Гарсиа Лорка. М., 1965; Силюнас В. Федерико Гарсиа Лорка: драма поэта. М., 1989; Франсиско Гарсиа Лорка. Федерико и его мир. М., 1987.