ГАСТРОТРИХИЯЛАР

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГАСТРОТРИХИЯЛАР (Gastrotricha), т ү к к у р с а к т а р – жумуру курттардын алгачкы көндөйлүүлөр классы. Денеси жалпак, узундугу 0,05–1,5 мм. Түкчөлөрү курсак тарабында гана, тулкусун бойлой ж-а арткы бөлүгүндө жабышчаак бездери – түтүкчөлөр жайгашкан. Нерв системасы кулкундун айланасындагы нерв шакекчесинен ж-а андан таралган нерв талчаларынан түзүлгөн. Сезүү органдары – сезгич түкчөлөрү, жыт билүүчү чуӊкурчасы, пигменттүү көздөрү (фоторецепторлору) жакшы өрчүгөн. Ичегиси кулкундан башталып, арткы тешик (анус) м-н аяктайт. Бөлүп чыгаруучу жуп түтүкчөлөр (протонефридиялар) денесинин капталына ачылат. Гермофродиттер же ургаачысы партеногенез м-н көбөйөт. Деӊизде ж-а тузсуз сууларда жашап, бир клеткалуу балырлар ж-а микроорганизмдер м-н азыктанышат. Дүйнөдө 2 тукуму ж-а 160 түрү белгилүү.