ГАСТРОФИЛЁЗДОР
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ГАСТРОФИЛЁЗДОР (Gastrophiloses) – сыӊар туяктуу малдын инвазиялуу ылаӊы. Gastrophilus уруусундагы ылаа окурасы пайда кылат. Жылкы жайында ылаа учкан мезгилде ылаӊдайт. Ылаа жылкы денесине 600гө жакын жумуртка таштайт, андан 4–10 күндө личинка пайда болуп, былжыр челге өтөт да, 2–3 жумада түлөйт ж-а ичеги карынга өтөт. Жылкы кашынганда ж. б. учурда жуктурат. Окура карын м-н он эки эли ичегинин былжырлуу челин жаралантып, 9–10 айга чейин мителик кылат. Ичеги-карындын иштеши бузулуп, мал арыктайт. хлорофос ж. б. инсектициддер дары катары колдонулат. Гастрофилёздон сактоо үчүн жайында ылаа учкан мезгилде жылкы түнкүсүн жайытта, күндүзү короо-сарайда багылат. 2%түү хлорофос эритиндиси ж-а 1%түү креолин м-н жууп тазалоо керек.