ГАУПТВАХТА
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ГАУПТВА́ХТА (нем. Hauptwache – башкы күзөтчү) – тартип бузган аскер кызматчыларын камакта кармоо үчүн атайы жай. Гарнизондук ж-а аскердик (кемедеги) Гауптвахта болуп бөлүнөт. Гауптвахтада камалгандар үчүн жалпы ж-а жеке камералар, камалгандарды суракка алуу үчүн өзүнчө бөлмөлөр, сейилдөө жайы, кароолдук ж-а турмуш-тиричилик жайлар болот.