ГВОЗДЕЦКИЙ
ГВОЗДЕ́ЦКИЙ Николай Андреевич [2(15).12. 1913, Петербург – 10. 10. 1994, Москва] – физикалык географ, география илимдеринин доктору (1949), профессор (1951), РСФСРдин илимине эмгек сиӊирген ишмер (1974). МГУну бүткөн (1938). 1938–46-жылдары советтик армиянын катарында кызмат өтөгөн. 1946–48-жылдары Москва мамлекеттик педагогикалык институтунда, 1948-жылдан МГУда, 1959–87-жылдарга чейин ошол эле жерде кафедра башчысы болуп эмгектенген. Гвоздецкий 600дөн ашык илимий эмгектин (анын ичинде 50дөн ашыгы Кыргызстандын геогафиясы боюнча) ж-а карст ландшафтын окутуунун автору. Эмгектери карст ж-а ландшафт таануу, физикалык география, райондоштуруу проблемаларына, Кавказ, Орто Азия, Казакстандын, бир катар чет өлкөлөрдүн физикалык географиясына арналган. ЖОЖдор үчүн окуу китептерди, хрестоматияларды түзгөн.
Эмг.: Карст. М., 1954. М., 1981; Физическая география Кавказа. М., 1954–1958. Вып. 1–2; Кавказ. М., 1963; Советские географические исследования и открытия. М., 1967; Физико-географическое районирование СССР. М., 1968 (соавтор); Физическая география СССР. 3-е изд. М., 1969–1970. Т. 1–2 (соавтор); Основные проблемы физической географии. М., 1979; Горы. М., 1987 (соавтор); Карстовые ландшафты. М., 1988.