ГЕЙДЕЛЬБЕРГ АДАМЫ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ГЕЙДЕЛЬБЕ́РГ АДАМЫ – археологиялык казуулардан табылган эӊ байыркы адам. Анын ээк сөөгүн 1907-жылы немец антропологу О. Шётензак Германиянын Гейдельберг шаарына жакын жердеги Эльсенц дарыясынын боюнан тапкан. Алгачкы плейстоценге (биздин заманга чейинки 400 миӊ жыл чен) таандык. Сөөктүн жанынан пил, жылкы, бизон, арстан жана башка айбанаттардын сөөк калдыктары, таш куралдар да табылган. Гейдельберг адамынын ээк сөөгүнүн морфологиялык түзүлүшү адам түспөл маймылдарга окшош жана азыркы адамдардын жаак сөөгүнө да жакын. Айрым археологдордун пикири боюнча гейдельберг адамы питекантропко жана синантропко жакын.