ГЕЙНЕ
ГЕ́ЙНЕ Генрих (13. 12. 1797, Дюссельдорф – 17.2. 1856, Париж) – немец акыны, публицист, сынчы, сатирик, фельетончу. «Жаш Германия» кыймылынын идеологу. Берлин университетинде окуган. 1831-жылы Францияга келип, өмүрүнүн акырына чейин саясий эми-

грант катары жашаган. Чыгармалары 1820-жылдан жарыялана баштаган. Алгачкы ырлары «Ырлар китебине» (1827) кирген. «Атта Троль» (1843), «Германия. Кышкы жомок» (1844) аттуу поэмаларында жана кара сөз менен жазылган «Жол сүрөттөрүндө» (1826–1831) революциячыл, демократиялык идеялар чагылдырылып, реалисттик тенденциялар басымдуулук кылат. «Франция иштери» (1832), «Лютеция» (1847), «Людвиг Бёрне» (1840) аттуу чыгармаларында Франциядагы саясий жагдайларга өз көз карашын билдирген. «Француз сүрөтчүлөрү» (1831), «Француз сахнасы тууралуу» (1837) деген каттар жыйнагы аркылуу сынчы, «Ырлар», «Жаңы ырлар» (1844), «Аӊыз, жомок, ырлар» (1965), «Лирика» (1971) аттуу чыгармалары аркылуу мыкты сүрөткер катары таанылган. 1851-жылы Гейненин чыгармачылыгында олуттуу орун ээлеген «Романсеро» деген китеби жарыкка чыккан. Гейненин чыгармаларын орус революциячыл демократтары жогору баалаган. Фашисттик Германияда гитлерчилер улуу акындын чыгармаларын өрттөшкөн. Гейненин көп ырларына Ф. Шуберт, Р. Шуман, Ф. Лист, П. И. Чайковский ж. б. композиторлор музыка жазган. Гейненин лирикалык ырлары, айрым поэмалары кыргыз тилине которулган.
Ад.: Стадников Г. В. Г. Гейне. М. 1984.