ГЕЙ-ЛЮССАК
ГЕЙ-ЛЮССА́К Жозеф Луи (6.12.1778, Сен-Леонар – 9.5.1850, Париж) – франциялык химик ж-а физик. Париж ИАнын мүчөсү (1806). 1809-жылдан Париж политехникалык мектебинде химия, Сорбоннада (Париж) физика боюнча профессор, Петербург ИАнын ардактуу мүчөсү (1826). Париж ботаникалык багынын профессору (1832). Гей-Люссак 1802-жылы газдардын жылуулуктан кеӊейүү законун ачкан (к. Гей-Люссак закондору). 1804-жылы илимий максатта эки жолу аба шары м-н асманга учкан. Экинчи жолкусунда 7000 мге жакын бийиктикте жер магнетизминин ургаалдуулугу (интенсивдүүлүгү) анча өзгөрбөй тургандыгын ж-а аба курамы жер бетиндегидей эле болорун аныктаган. 1808-жылы газдардын көлөмдүк катыш законун ачат. Ошол эле жылы Л. Тенар м-н бирге жегич калий ж-а жегич натрийди темир таарындысы м-н ысытып, калий м-н натрийди алуу жолун иштеп чыккан ж-а бор ангидридин калий м-н кошуп ысытып, борду бөлүп алган. 1813–14-жылдарда Деви м-н бир мезгилде иод хлорго абдан окшош химиялык элемент экенин аныктап, анын бирикмесин (иоддуу суутек) бөлүп алган. Синил кислотасын даярдап (1811), анын циан радикалынын суутек бирикмеси экенин далилдеген (1815). Циандуу сымапты ысытып цианды алган. 1819-жылы эригичтиктин диаграммасын түзгөн. Гей-Люссак титрлөө методдорун өркүндөтүү боюнча көп иштерди жүргүзгөн.