ГЕЛИООРНОТМО

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГЕЛИООРНОТМО – күн нурунун энергиясын турмуш-тиричиликке колдонууга ылайыктуу энергиянын башка түрүнө (мисалы, жылуулук, электр энергиясына) айландыруучу түзүлүш.

Күн коллекторунан турган гелиоорнотмо: а – жалпы көрүнүшү;
б – иштөө схемасы: 1– жалпак күн коллектору; 2 – аккумулятор;
3 – циркуляциялык насос.

Гелиоорнотмо концентратордуу жана концентраторсуз болуп бөлүнөт. Биринчиси күн радиациясынын тыгыздыгы жогорулагандагы энергияны гелиоконцентратордун жардамы менен күчөтүп, экинчиси – табигый тыгыздыктагы күн нурун башка энергияга айландырат. Концентраторсуз гелиоорнотмо сууну же абаны ысытууда, жашылча-жемишти жана материалдарды кургатууда, сууну тузсуздандырууда, электрэнергиясын алууда жана башка максаттарда пайдаланылат. Концентратордуу гелиоорнотмо «зыянсыздандыруучу» технологиялык шартта жогорку температураны алуу үчүн кызмат кылат.
Мындай гелиоорнотмонун пайдалуу аракет коэффициенти 0,4–0,6. Күн нурун чогултуу үчүн параболалык, параболалыкка жакын жана парабола-цилиндрдик күзгүлөр колдонулат.