ГЕЛИОЭНЕРГЕТИКА
ГЕЛИОЭНЕРГЕ́ТИКА (гелио... – Күн ж-а энергетика) – гелиотехниканын жардамы м-н күн радиациясынан энергия алуу. Анда электр энергиясын ж-а жогорку температурадагы жылуулукту өндүрүү үчүн күн электр станциялары, күн элементтери ж-а батареялар, ошондой эле имараттарды ж-а күнөсканаларды (теплицаларды) жылытуу үчүн төмөнкү температуралуу жылуулук өндүрүүчү күн коллекторлору колдонулат. Мында энергияны керектөө ж-а атмосфераны булгоочу заттардын өлчөмү 10–20%ке төмөндөйт. Айрым өлкөлөрдө күн энергиясы калыбына келүүчү энергия булагы катары ийгиликтүү пайдаланылууда. Мисалы, Израилде Гелиоэнергетика аркылуу ысык суу м-н турак-жайлардын 65%и камсыз кылынат. Күн батареясында иштеген дүйнөдөгү 1-электр станциясы Калифорнияда (кубаттуулугу 6,5 МВт) курулган. Ал 2,5 миӊге жакын турак-жайды жылытат. 1983-жылы Калифорниянын түштүгүндө «энергия мунаралары» курулган. Алар айлана-чөйрөгө булгоочу заттарды бөлүп чыгарбай, энергия өндүрүмдүүлүгү боюнча АЭСке теӊдешкен. Азыр дүйнөдө 20га жакын курулма бар, алардын 9у Калифорнияда, калгандары Израиль, Франция, Испания, Японияда ж-а КМШ өлкөлөрүндө. Бирок гелиоэнергетика энергияга болгон муктаждыкты толук чече албайт; анткени бул энергияны чогултуп сактоо кыйын, алыскы аралыкка жоготуусуз берүү мүмкүн эмес. Ошого байланыштуу жаӊы ыкма – күн энергиясын химиялык энергияга айлантуу жолу табылууда. Мисалы, Сауд Арабиясында күн энергиясынан отунду (суутек) алуучу ж-а АКШда фотоэлектрдик курулмалар колдонулууда.
У. Андашев.