ГЕЛЬМИНТОЛОГИЯ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГЕЛЬМИНТОЛО́ГИЯ (гр. hеlmins, hеlminthos – курт ж-а ...логия) – мите курттар (гельминттер) ж-а алар козгоочу оорулар (гельминтоздор) жөнүндөгү илим. Гельминтология көпчүлүк биологиялык илимдер (зоология, медицина, ветеринария ж-а фитопатология) м-н тыгыз байланышта. Ал теориялык ж-а колдонмо маселелерди камтыйт. Теориялык маселелерге гельминттердин тарыхый өөрчүшүн, морфологиясын, физиологиясын, биохимиясын, алардын биологиялык ж-а экологиялык өзгөчөлүктөрүн, жаныбарлар дүйнөсүндө ээлеген ордун, таралышын, адамга, айбандарга ж-а өсүмдүктөргө тийгизген таасирин изилдейт. Колдонмо гельминтология гельминтоздордун клиникасын, диагноздоо методдорун үйрөтөт, эпидемиологиясын ж-а эпизоотологиясын изилдеп, анын негизинде гельминтоздорду алдын алуу, дарылоо иш-чараларын иштеп чыгат. Негизги бөлүмдөрү: жалпы (гельминттердин фаунасын, систематикасын, биологиялык циклин ж. б. изилдейт); медициналык, ветеринариялык, агрономиялык гельминтология же фитогельминтология. Гельминтологиянын өсүшүнө К. И. Скрябиндин ж-а анын мектебинин салымы чоӊ.

Ад.: Скрябин К. И., Шульц Р. С. Основы обшей гельминтологии, М. 1940.