ГЕМОДИАЛИЗ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ГЕМОДИА́ЛИЗ (гемо… ж-а гр. diаlysis – ажыроо, бөлүнүү) – бөйрөктүн катуу кармаган оорусунда же өнөкөт начарлашында «жасалма бөйрөк» аппаратынын жардамы м-н дарылоо методу. Гемодиализ учурунда организм зат алмашуунун уу заттарынан арылат, бузулган суу-электролит теӊ салмактуулуктары нормага келет. Гемодиализде бир эле мезгилде кан агызылып, донордон алынган ошончо көлөмдөгү кан куюлат.