ГЕМОЛИЗ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГЕМО́ЛИЗ (гемо… ж-а гр. lуsis – ажыроо, эрүү), э р и т р о ц и т о л и з – тышкы чөйрөгө гемоглобинди бөлүп чыгаруу м-н кандагы эритроциттердин бузулушу. Физиологиялык гемолиз эритроциттин жашоо циклинин бүтүшү (12 күндөй) адамдын ж-а жаныбарлардын организминде тынымсыз жүрүп турат. Анда күнүнө эритроциттин бүт массасынын 0,8% гемолизге учурайт. Ал көбүнчө көк боордо жүрөт. Эритроциттер ажыраганда андан бөлүнгөн (бошонгон) гемоглобинден өт пигменттеринин бири – билирубин пайда болот. Патологиялык гемолиз аз кандуулукта (гемолиздик), гемоглобинопатияда байкалат. Анда эритроциттердин бузулушу боор, кемик, лимфа түйүндөрүнүн ж. б. клеткаларында, ошондой эле кан тамырларда жүрөт. Гемолиздин тубаса ж-а кийин пайда болгон түрү бар. Тубаса гемолизге клеткадагы ж-а кан тамырдын ичиндеги гемолиздик аз кандуулук мүнөздүү. Анда сарык, көк боордун чоӊоюшу, ретикулоцитоз ж. б. байкалат. Кийин пайда болгон гемолиздин табияты аутоиммундук болуп, анда эритроциттердин ажырашы антителолордун пайда болуусунун эсебинен жүрөт. Эритроциттердин көп массасынын бузулушу (мисалы, гемолиздик аз кандуулукта) организмдин оор абалга (гемолиздик шок) ж-а өлүмгө учуратышы мүмкүн. Консерваланган кан көпкө сакталганда гемолиз жүрүп, куюуга жараксыз болуп калышы ыктымал.