ГЕМОНХОЗ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГЕМОНХО́З – кепшөөчүлөрдүн жумурунда мителик кылуучу жумуру курт (Haemonchus) козгоочу ылаӊ. Ылаӊдаган малдын жалпы абалы начарлайт, жем-чөп жебей, ичи өтөт. Көзүнүн, оозунун чел кабыгы бозорот, жүнү кургайт. Ылаӊ оор өткөндө алдыӊкы жаагы шишийт, чел кабыгы кызарат. Митенин санына ж-а малдын абалына жараша ылаӊ ар түрдүү формада өтөт. Кээ бир учурда биринчи клиникасы билингенден кийин эле мал өлүмгө дуушар болот. Көп убакта ылаӊ узакка созулат. Мал арыктайт, жүнү жыдыйт. Дарылоо үчүн малдын салмагына 0,5 г/кгдан фенотиазинди жем, атала ж-а суу м-н суспензия түрүндө нафтомон (0,3–0,5 г/кг), нилверм (15 мг/кг), тиабендазол, бубулин, дизофенол, альбендазол, вермитан-20 пайдаланылат. Кыргызстанда ылаӊ жаан-чачындуу, нымдуу жылдары кеӊири таралып, өзгөчө жаш малды бир кыйла зыянга учуратат.