ГЕНДЕЛЬ Георг Фридрих

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГЕ́НДЕЛЬ Георг Фридрих (23. 2. 1685‚ Галле – 14. 4. 1759‚ Лондон) – немец жана англия композитору‚ органист‚ скрипач. Өмүрүнүн көбү Англияда өткөн. 17 жашында Галладагы собордун органисти жана музыкалык жетекчиси болгон.

Г. Ф. Гендель. Г. Кнеллер тарткан портрет. (Лондон).

Ошол кезде жалгыз немец опера театры жайгашкан Гамбург шаарына келип (1703), «Альмира» жана «Нерон» операларын жазган. Гамбург опера театры жабылгандан кийин Италияга кеткен‚
Флоренцияда‚ Римде‚ Неаполдо‚ Венецияда жашап‚ мыкты композитор катары таанылган. Гендель – «Родриго» (1707)‚ «Агриппина» (1709)‚ «Ринальдо» (1711)‚ «Радамист» (1720)‚ «Юлий Цезарь» (1724) жана башка 40тан ашуун операнын автору. Ал опера жанрында баатырдык жана турмуштук образдардын музыкалык мүнөзүн тереӊдетип‚ оркестрди вокалдык формалар менен байыткан. Ораторияларында опералык-драмалык («Cамсон»‚ «Иевфай» жана башкалар)‚ лирикалык («Шайыр‚ кыялкеч жана токтоо») мүнөз пайда болгон‚ алардын бардыгында Генделге таандык оптимизм‚ сулуулукту аздектөө сезилип турат. Ал 30га жакын оратория жазган‚ хор өнөрүн өркүндөткөн‚ аспаптык музыкага да зор үлүш кошкон.