ГЕНЕРАЦИЯ ОРГАНДАРЫ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГЕНЕРА́ЦИЯ ОРГАНДАРЫ (лат. generatio – туулуу, өндүрүү) – өсүмдүктөрдүн жыныстык көбөйүү кызматын аткаруучу органы. Жыныссыз ж-а вегетациялык көбөйүү органдары м-н бирге репродукциялык органдарга кирет. Жөнөкөй эукариоттордун (кээ бир балырлар, эӊилчектер) генерация органдары физиологиялык жактан гана айырмаланып, аталык ж-а энеликке анча дифференциацияланбайт (гетероталлизм). Эволюциянын жүрүшүндө жөнөкөй түзүлүштүү өсүмдүктөрдүн генерация органдары татаалданып, антеридийге (аталык гаметага) ж-а оогонийге (энелик гаметага) дифференциацияланган. Андан кийинки гаметангийлер (мисалы, күрөӊ балырлар) бөлүнүп, алардан татаал түзүлүштүү өсүмдүктөрдүн (мамык чөптөр, папоротниктер, кырк муун, плаун) көп клеткалуу генерация органдары – антеридий ж-а архегоний пайда болгон. Жылаӊач уруктуу өсүмдүктөрдүн генерация органдары редукцияланган. Жабык уруктуу (гүлдүү) өсүмдүктө неотония кубулушу ж-а көбөйүү цикли кыска болгондуктан, 2 клеткалуу аталык ж-а түйүлдүк кабы же энелик жыныс гаметофиттери пайда болот. Генерация органдары түшүнүгү көп учурда гүл м-н уруктарга тиешелүү. Жаныбарда генерация органдары жыныс органдары деп аталат.